География:БОРДУТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Тескей Алатоонун түш. тармагы. Борду, Ээрташ, Караколтөр ж-а Көөлү сууларынын аралыгында дого сымал түштүктөн түн.-батышка 25 кмге чейин созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт.

4300–4600 м, эң бийик жери 4849 м. Кыры мөңгүлөр м-н капталган, жалама аска-зоолор бар. Капталдары тик, терең капчыгайлуу. Үстүнкү протерозойдун калыңдыгы 2400– 3000 м келген мраморлуу ж-а доломиттүү акиташ теги, сланец, кварцит тектеринен турат. Этегиндеги субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ландшафты 3300 мден жогору субнивалдык талаага ж-а гляциалдыкнивалдык алкакка өтөт.