География:БОЗКЫР КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Какшаал тоо тизмегинин Сарыжаз капчыгайынан Меридиан кырка тоосуна чейинки чыгыш бөлүгү. Уз. 85 км, туурасы чыгышында 40– 50 км, батышында 15–20 км. Орт. бийикт.

5000–6000 м, эң бийик жери 7439 м (Жеңиш чокусу). Генезистик тиби б-ча горст-антиклиналь. Негизинен палеозойдун акиташ теги, сланец ж-а мрамор тоо тектеринен турат. Тоонун чыгыш бөлүгү туташ жаткан кар ж-а мөңгүлөр м-н капталган. Эң ири мөңгүлөрү: Түш. Эңилчек ж-а анын сол тармактары – Жылдызча, Жапайы ж. б.; Кайыңды, Көйкап, Темирсуу (түш. капталында). Түн. капталында гляциалдык-нивалдык ландшафт басымдуу. Альп ж-а субальп шалбаа алкактары батышында гана бар. Түш. капталы чөлдүн гляциалдык-нивалдыкка чейинки алкактардан турат.