География:БАЛГАРТ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Тескей Алатоодо, түндүгүнөн Үчемчек, түштүгүнөн Буркан сууларынын өрөөндөрү м-н чектешет.

Жерг. эл «Төнөктоо» деп да атайт. Уз. 45 км, туурасы 8–10 км, орт. бийикт. 4000 м. Генезистик тиби – горст-антиклиналь. Палеозойдун кумдук, акиташ тектеринен турат. Чыгыш бөлүгүндө байыркы муз м-н жылмаланган тайпак чокулар бар. Батышка карай бийиктеп, тоо кырларында мөңгү жатат. Тескейи зоокалуу ж-а мөңгүлүү, майда суулар м-н тилмеленген. Күнгөй бетинде төрлөр бар. Б. т-на альп шалбаасы, субнивалдык ж-а нивалдык ландшафттар мүнөздүү.