– Ички Теңиртоодогу тоо; Каратоонун уландысы. Орто Нарын ж-а Атбашы өрөөндөрүн бөлүп турат. Уз. 140 км, туурасы 13 км. Орт. бийикт. 3890 м, эң бийик жери 4337 м. Палеозойдун акиташ, сланец ж-а гранит тектеринен турат. Түзүлүшү б-ча горст-антиклиналь. Чыгыш тарабы кууш коктулуу. Тоону кесип өткөн антецедент капчыгайлары (Карабук, Актал, Учкун, Терек) бар. Кыры тайпак, мөңгү жок. Түн.чыгыш капталдарынын айрым жерлеринде токой (карагай, бадал), колотторунда субальп өсүмдүктөрү (3100–3300 м), түш. күнөстүү беттеринде бетеге, шыбак, доңуз сырты өсөт. Малга жайлуу. Б. аркылуу Баетов кышнан Ортосыртка авт. жолу өтөт.