География:БАЙБИЧЕНИН СООРУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Кыргыз Алатоосунун түн.-чыгыш четиндеги тоо. Чыгыштан батышка 18 кмге созулат, туурасы 3–5 км. Орт. бийикт. 1700–2000 м, эң бийик жери 2254 м. Түзүлүшү б-ча горст-антиклиналь. Түш. капталы тик ж-а чолок, түндүгү жантайыңкы. Үстү жон сымал келип, байыркы денудациялык рельефтен турат. Түн. бетин ж-а жонун шалбаалуу талаа, чыгыш ж-а түш. капталдарын кургак талаа ландшафттары ээлейт. Түндүгүндө Бөрүбай, түштүгүндө Желаргы өрөөндөрү жайгашкан.