География:БАБАТА КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Тескей Алатоонун батышында. Түндүгүнөн Кочкор, түштүгүнөн Базартурук ж-а Төлөк өрөөндөрү м-н чектешет. Уз. 45 км, орт. бийикт. 4100– 4300 м, эң бийик жери Бабата чокусу (4400 м).

Палеозойдун кристаллдык ж-а гранит тоо тектеринен турат. Рельефи татаал, 4000 мден жогору нивалдык-гляциалдык формалар мүнөздүү. Капталдары тик (35–40°), батышы аскалуу. Чыгыш бөлүгү басаңдап, Карагатты, Сандык тоолоруна өтөт, борб. бөлүгү мөңгүлүү. Тескей капталынан бир нече майда суу (Кошкөл, Бөрүлүбулак ж.б.) агып түшүп, Узунбулак суусуна куят. Бөгүлмөбулак ж-а Көлбулак өзөндөрүндө бөгөлмө көлдөр бар. Батышы ичкерип, Кызарт белине барып такалат. Түзүлүшү б-ча кыска горст-мегантиклиналь. Түн. этегинен тектон. жарака өтөт. Муз доорунда тоонун үстү ири муз калканы м-н капталган. Түш. капталы каксоо, талаа чөптөрү (бетеге, шыбак ж. б.) өсөт; чыгышындагы коктулары майда бадалдуу. Түн. беттерине талаа (2600–3200 м), субальп шалбаалуу талаа (3200–3600 м), альп шалбаа (3600– 3800 м), субниваль (3800–4200 м), нивалдыкгляциалдык ландшафттары (4200–4400 м) мүнөздүү. Жайыт.