География:АЧАТАШ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Молдотоо тизмегине кирет. Соңкөл өрөөнүнүн түш.-чыгышында. Уз. 30 км. Орт. бийикт. 3800–3900 м, эң бийик чокусу 3980 м. Палеозойдун чополуу сланец, кварцит, акиташ ж-а кычкыл тоо тектеринин интрузияларынан түзүлгөн.

Тоонун ортоңку бийик бөлүгү мөңгүлүү. Мөңгүлөрдөн Каратал, Аккудук, Кайыңды, Үчбулак суулары (Нарындын алабы) башталат. А. т-нун түн. этегинде ж-а нымдуу батыш капталдарында (3100–3500 м бийиктикте) субальп ж-а альп шибери, айрым жерлеринде карагай өсөт. 3600 мден жогору кар, мөңгүлүү. Түш. бети каксоо. Жайыт.