География:АРЧАЛЫ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Балгарт өрөөнүнүн   түштүгүндөгү тоо, Кичи Нарын суусунун алабында. Уз. 28–30 км. Орт. бийикт. 4000– 4200 м, эң бийик жери 4412 м. Тоо бети аскалуу, чыгыш жагы (Айкөл, Жаманечки) бийик, батышы жапыз, структурасы б-ча Капкаташ кырка тоосу м-н кошулат.

Түзүлүшү б-ча горст-антиклиналь. Негизинен гранит ж-а кумдук, акиташ тектеринен турат. Түн. бети мөңгүлүү. Тоо капталындарынын этегинде талаа өсүмдүктөрү басымдуу.