География:АРПАНЫН АЛАТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

, Ж а м а н т о о – Ички Теңиртоонун түш.-батышындагы кырка тоо. Арпа өрөөнүн Алабуга – Нарын өрөөнүнөн бөлүп, кеңдик багытта созулуп жатат. Батышында Фергана тоо тизмегине туташат. Уз. 110 км, туурасы 16 км. Орт. бийикт. 4000 м, эң бийик чокусу 4737 м. Тоонун түш. капталы тик, кыска түндүгү айдөөш-жантайыңкы. Чыгыш тарабын (Бешталаа, Ортосырт) кайнозойдун борпоң тектери каптап жатат. Тоонун морфо структурасы – горст-антиклиналь, түш. ж-а түн. этектери тектон. жаракалар м-н чектешет. Арпа капчыгайы (Кептеш) Жамантоонун батышынан өтүп, аны Фергана тоо тизмегинен бөлүп турат. Тоо девондун аягы – карбондун башталышында пайда болгон, калыңдыгы 1300 мге чейин жеткен акиташ теги, доломит, кумдук, сланец, конгломерат, пермдин 1000 м калыңдыктагы слюдалуу ж-а полимиктүү кумдук, чополуу сланец тектеринен турат. Ортоңку бөлүгү ж-а түн. капталдары мөңгүлүү. Тоонун түш. капталынан Сокурбулак, Кожогул, Бураначап, Үчарча, Жамандаван, Кошчапсуу, Арпанын кашкасуусу, Борлуу, Миңбугу, Кызкоргон (Арпанын оң куймалары), түндүгүнөн Ичкашкасуу, Сырткашкасуу (Алабуганын куймалары), башталат. Күнгөй беттерине субальп ж-а альп талаасы, тескей беттерине токой аралаш шалбаалуу талаа ж-а альп шалбаасы, 3600 мден жогору нивалдыкгляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.