География:АЛМАЛЫ ТООСУ
– Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы. Исфана өрөөнүнүн түндүгүндө, Карасуу ж-а Кожобакырган сууларынын аралыгында кеңдик багытта 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 6–7 км.
Орт. бийикт. 1700–1850 м, эң бийик жери 1935 м. Жону жайпак, капталдары жантайыңкы, бирок кыска, жардуу тик аскалар да кездешет. Девон ж-а карбон мезгилдеринин акиташ теги, доломит, тектеринен турат. Көмүр кендери бар. Чөл, жарым чөл ж-а кургак талаа (шыбак, баялыш, бетеге ж. б.) ландшафттары басымдуу. Кайрак айдоо, чабынды ж-а жайыт катары пайдаланылат.