Түш.-Батыш Теңиртоодо. Чыгышынан Фергана тоо тизмеги, батышынан Көксуунун алабы, түндүгүнөн Алайкуу өрөөнү, түштүгүнөн Карачал тоосу м-н чектешет. Эркеч, Сабажарды, Туюккайыңды, Көлкайыңды, Айрыташ, Кыздар, Кемпир, Бооралбас ж-а Үчказык айрыктарынан турат. Уз. 70 км, эң жазы жери 45 км. Орт. бийикт. 4190 м, эң бийик жери 5300 м (Манастынээри чокусу). Рельефи татаал, тоо тармактары тектон. жаракалар м-н бөлүнгөн. Тармактары батыш тарабында узун (15–20 км), чыгышында кыска (5–10 км), капталдары жазы ж-а айдөш. Негизинен палеозой м-н бор мезгилиндеги акиташ теги, сланец, бир аз гранит, мрамор, конгломерат ж. б. тектерден түзүлгөн. Азыркы мөңгүлөр Кыздар, Кашкасуу, Манастынээри, Ойбала, Эркеч, Акечки ж-а Көлкайыңды тоолорунда кездешет. Шалбаалуу талаа, токойлуу шалбаа, токой, субальп, альп шалбаасы, 3900 м бийиктиктен жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Кырка тоолор жайкы жайыт.