География:АКШЫЙРАК ТОО ТООМУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Борб. ж-а Ички Теңиртоонун чегинде. Чыгышынан Сарыжаз өрөөнү, батышынан Нарын д-нын баш жагы м-н чектешип, түш.-батыштан түн.-чыгышка карай созулат. Уз. 60 км, эң жазы жери 28 км. Орт. бийикт. 4720 м, эң бийик жери 5100 м (Жамансуунун оң куймасынын төрүндө). Негизинен протерозой, силур, девон ж-а карбон мезгилдеринин чөкмө ж-а эффузия тоо тектеринен түзүлгөн.

Тоо арасындагы ойдуңдарда, суу өзөндөрүндө палеоген-неогендин кызыл түстүү чөкмө тектери ж-а антропогендин аллювий, мөңгү чөкмөлөрү жатат. Интрузия тектеринен плагиогранит, сиенит-диорит, габбродиабаз, нефелиндүү сиенит ж-а турмалиндүү граниттер арбын. Кен байлыктарынан алтын, калай кендеринин өндүрүштүк мааниси бар. Тоо үч кыркадан түзүлгөн: түндүк (Сарычат, Ээрташ, Майтөр), ортоңку (Кызылешме), Түштүк (Үчкөл); булардын чыгыш жагы биригип кетет. Кырларын (4500-5000 м) ж-а өрөөндөрүнүн баш жактарын (4000-4500 м) мөңгүлөр ээлейт. 3500–4000 м бийиктикке альп шалбаа ландшафты мүнөздүү, о. эле тоо мөңгүлөрү сүрүп таштаган шагылдар көп. Түн. ж-а түш. этектери аркылуу тектон. жаракалар өтөт. А. т. т-да аянты 432 км2ге жеткен 131 мөңгү (Петров, Давыдов, Эл Комиссарлар Совети, Кумтөр ж. б.) бар. Эң ириси – Петров, мындан Нарын д. башталат. Өрөөн мөңгүлөрүнүн уз. 10–20 кмге жетет. Түн.-батыш этегинде Кумтөр алтын кени бар.