География:АКУНТОО
– Түркстан кырка тоосунун бир тармагы. Баткен өрөөнүнүн түштүгүндө кеңдик багытта 21 кмге созулуп жатат.
Туурасы 5 км. Түндүгүндө Кишемиш суусу ж-а анын куймасы Карасай аркылуу Чатырташ тоосунан бөлүнүп турат. Орт. бийикт. 3400 м, эң бийик жери 3870 м. Т оонун жону тайпагыраак келип, тик чокулары жокко эсе. Батыштан чыгышка карай бийиктейт. Түш. капталы тик, жардуу. Түндүгү Баткен өрөөнүн карай жантайыңкы. Капталдарына жарым чөл, талаа, шалбаалуу ж-а бадал-арчалуу талаа, субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы, андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт, тоо этеги кайрак айдоо ж-а чөп чабынды катары пайдаланылат.