География:АКЗОО ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Борколдой тоосунун Какшаал тоо тизмегине тутумдашкан чыгыш бөлүгү. Ички Теңиртоодо, Миңтеке, Баралбас ж-а Бикиртик сууларынын алабында.

Кеңдик багытында 20 кмге ийилип жатат. Туурасы 5 км. Орт. бийикт. 4000 м, эң бийик чокусу 4780 м. Кыры аскалуу, түш. капталы кыска ж-а тик, жалама аскалуу; түндүгү жазы – Баралбас өрөөнүнө жантайып түшөт; капчыгайлар бар. Кумдук, сланец, туф, порфирит, акиташ тектеринен түзүлгөн. Мөңгүлүү. Капталдарына субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы ж-а шалбаа (3300 мге чейин), субнивалдык (3700 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.