География:АДЫГИНЕТОО
– Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы. Лейлек ж-а Каравшин сууларынын аралыгында кеңдик багытта 30 кмге созулуп жатат. Туурасы 6 км. Орт. бийикт. 3200–3500 м, эң бийик жери 3952 м.
Жону тайпак, айрым жерлеринин капталы тик, кыска кокту-колоттуу. Ортоңку карбондун кумдук, алевролит, акиташтуу конгломерат, сланец тектеринен турат. Кургак талаа (1600–1700 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а арчалуу токой (2600– 2700 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалуу талаа, сейрек бетегелүү талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.