География:КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
– дарыланууга ж-а ичүүгө жарамдуу муздак суу булагы. Нарын облусунун Атбашы р-нунда, Пограничник кыш-нан 65–70 км түш.-батышта. Какшаал кырка тоосунун түн. этегинде, Арпа ж-а Каракол (чыгыш) сууларынын кошулган жеринде деңиз деңг. 3200 м бийиктикте. Суу жерг. элге илгертен белгилүү. 1932-ж. геол. маалымат берилген. Кен аймагын палеозой ж-а мезозойдо пайда болгон кумдук, чопо, сланец, акиташ тектери түзөт. Минералдуу булак юранын карбонаттуу кумдук, акиташ тектериндеги тектон. жаракадан агып чыгат. Суу тунук, көмүр кычкыл газдуу, мала туз даамданат. Темирдин суулуу кычкылы басымдуу болгондуктан булак агып чыккан жердеги тоо тектерде саргыч күрөң дат басып турат. Темп-расы 6°С. Составы гидрокарбонат-сульфаткальций-магнийлүү. Дебити 5 л/сек.
Бөйрөк, боор, ичеги-карын ооруларын сууну ичүү жолу м-н дарыласа болот.