География:АКЧУҢКУР ҮҢКҮРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:28, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЧУҢКУР ҮҢКҮРҮ – Сарыжаз суусунун оң жээгиндеги неолит дооруна (б.з.ч.6–5 миң жылдык) таандык адамдар жашаган акиташ тектүү асканын боорундагы үңкүр. Эчкилиташ аскасында, деңиз деңг.3150 м бийиктикте жайгашкан. Аксуу рнун аймагында. Үңкүрдүн ичи кенен, бийикт. 2–4 м, уз. 26 м, жазылыгы 4 м. Үңкүр эки ярустан турат. Үңкүрдүн боорунда жошо м-н тартылган теке, жыландын сүрөттөрү, о. эле кийинчерээк кара боёк м-н түшүрүлгөн белгилер (несторий крести, тамга м-н жазылган жазуулар) бар. Үңкүрдөн табылган текенин мүйүзүнүн көңдөйүндө байыркы жошо сакталып калган.