География:АКБУЛУҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКБУЛУҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ Ысыккөлдүн түш . жээгинде. Туурасуунун шиленди конусунун чыгыш четинде жайгашкан. Тоң р-нун аймагында. Жарым арал көлдүн түбүндө жээк бойлой созулуп жаткан кумдук, чополуу жалчалардын ачылып калышынан пайда болгон; 1930жылкы топогр . картада азыркы жарым аралдын ордунда суу астындагы таштардын белгиси гана көрсөтүлгөн. Кийин мындагы тайыздыктар суу тартылганда жарым аралга айланып, жээкке кошулган (1950-ж.). Аянты 1981–84-ж. 0,0542 км2ге чоңойгон. Азыркы кум жалчаларынын бир бөлүгү талкаланып, кум плиталарына айланган; алардын арасына кум толгон. Жарым аралдагы Акбулуң колтугу чакан кемелер токтоого өтө ыңгайлуу жай; тереңдиги 3–4 м. Таманы илээшкек ылайлуу, балырлар өсөт. Жарым арал ж-а анын акваториясы куштардын (а . и . аккуу) кыштоочу жайы.