География:ЧОҢ КАРАКАМАН МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Тескей Алатоонун түш. капталында жайгашкан өрөөн тибиндеги 4 мөңгү. Кичи Нарын д-нын куймасы – Балгарттын алабында.

Б а т ы ш ы н д а г ы мөңгүнүн уз. 6,8 км, аянты 10,5 км2; башы деңиз деңг. 4630 м, этеги 3610 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Т ү н д ү г ү н д ө г ү с үн ү н уз. 3,6 км, аянты 3,9 км2. Башы деңиз деңг. 4630 м, этеги 3720 м бийиктикте жатат. Т ү ш т ү г ү н д ө г ү мөңгүнүн уз. 4,4 км, аянты 3,3 км2; башы 4710 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат. Ч ы г ы ш ы н д а г ы мөңгүнүн уз. 3,6 км, аянты 6,0 км2; башы 4330 м, этеги 3820 м бийиктикте жатат. Ч. К. м-нөн башталган суулар кошулуп, Балгарттын курамы – Каракаманга оң жактан куят.