География:КАРАТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Борб. Теңиртоодогу татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Көөлү кырка тоосунун түн. капталында. Уз. 7,6 км, аянты 9,7 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5200 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4350 м. Абляция облусунун аянты 2,7 км2. Мөңгүнүн бети тилмеленип, муз сыныктарына бөлүнгөн. 1943– 60-ж. 700 мге тартылган, азыр кыймылсыз жатат. Мөңгүдөн Көөлү суусунун оң куймасы Каратөр суусу башталат.