География:АКТЕРЕК МӨҢГҮСҮ
АКТЕРЕК МӨҢГҮСҮ — Тескей Алатоонун түн. капталында жайгашкан өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,1 км, аянты 3,0 км2. Ысыккөлгө куйган – Актерек суусунун башында жайгашкан. А. м. капталдары тик аскалуу кууш өрөөнгө кептелип, бети мореналар м-н туташ капталган. Негизинен кар көчкүлөрдөн куралат. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4670 м, этеги 3540 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийикт. 3810 м. Абляция облусунун аянты 1,6 км2. Мөңгүдөн Актерек суусу башталат.