География:АКСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Кожобакырган суусунун алабынан орун алган. Уз. 6,5 км, аянты 6,5 км2, абляция облусунун аянты 3,8 км2. Көлөмү 0,268 км3. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5000 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Фирн облусу карама-каршы жаткан эки циркти ээлейт. Каптал моренасын этек моренасы улай, дого сымал жалчаны пайда кылат. Мөңгү чегинүүдө. Андан Аксуу суусу агып чыгып, Акмечит суусунун курамы–Карасууга куят.