География:ТЕРЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– суу, Касансайдын сол куймасы.

Уз. 34 км, алабынын аянты 284 км2. Чаткал кырка тоосунун түш. капталынан башталган суу, адегенде кууш өрөөн м-н батышка, андан кийин түш. тарапка агат. Негизинен кар, булак сууларынан куралат. Ири куймалары: Акбалтыркансай (оң), Саардыксай (сол). Жылдык орт. чыгымы 1,54 м3/сек. Апрелде кирип, августта тартылат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Терексай шаарчасы жайгашкан.