География:КАРАСУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Аксы р-нун аймагы аркылуу аккан суу, Нарындын оң куймасы. Уз.

85 км, алабынын аянты 2800 км2. Чаткал кырка тоосунун түн.-чыгыш капталынан башталып, жогорку бөлүгүндө кууш ж-а терең капчыгай, ортоңку ж-а төмөнкү бөлүктөрүндө кенен ж-а токойлуу өрөөн м-н агат. Өрөөнүндө шилендилер, шагыл таштар ж-а мореналар кезигет. Алабында көлдөр бар. Жылдык орт. чыгымы 41,2 м3/сек. Эң көп чыгымы май айында, азы январда байкалат. Ири куймалары: Кожата, Авлетим, Турдук, Акжол. Сугатка пайдаланылат. Алабынан Сарычелек көлү ж-а коругу орун алган. Жээгинде Акжол, Карасуу, Тегене кыш. жайгашкан.