География:КАРАКОЛ
– Ак суу р-н ун айм а гы а ркы луу акк ан суу. Теск ей Алатоон ун түн. капталынан башталып, Ысыккөлгө куйган суу. Уз. 50 км, алабынын аянты 394 км2. Б ашталышында мөңгүлүү, ортоңку бөлүгүндө карагайлуу капчыгай, төмөнкү бөлүгүндө кенен түздүк аркылуу агат. Негизги куймасы – Кашкасуу.
Мындан тышкары алабында жалпы уз. 93 км келген 27 куймасы, жалпы аянты 0,99 км2 болгон 4 көл бар. Алардын эң чоңу Алакөл (аянты 0,84 км2). Көп жылдык орт. чыгымы 6,60 м3 /сек; эң көбү 57,6 м3/сек, эң азы 0,38 м3/сек. Апрелдин аягында көбөйө баштап, июль-августта кирет, сентябрдын аягында тартылат. Сугатка кеңири пайдаланылып, айыл-кыштактарды суу м-н камсыз кылат. Боюнан Каракол ш., Челпек, Бөрүбаш, Бурмасуу ж. б. кыш. орун алган.