География:КИЧИ АЛАЙ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
түштүгүнөн Алай, түндүгүнөн Кичи Алай кырка тоолору м-н чектешет. Субмеридиан багытында жайгашкан тектон.-эрозиялык өрөөн.

Уз. 30 км, туурасы 6 кмге чейин. Таманынын деңиз деңг. абс. бийикт. 2200–3000 м. Өрөөндүн оң жак капталында Киндик, Текежайлоо, сол капталында Кашкасуу, Торпу тоолору бар. Түндүктү карай жантайыңкы. Тоо капталдары тик, жалама аскалуу, терең тилмеленген. Палеозойдун гранит, гнейс, сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы —7...—15°С, июлдуку 15–16°С. Жылдык жаан-чачыны 290— 600 м. Суулары: Киндик, Кичи Алай, Сарыкмогол, Кашкасуу; Киндик, Кичи Алай ж. б. көлдөрү бар. Шалбаалуу талаа (2100– 2500 м), токой (2500–2800 м), субальп (2800–3200 м) ж-а альп шалбаалуу талаа (3200 мден жогору) ландшафт зоналары мүнөздүү. Жайыт.