География:ДОҢУЗКУДУК — ОРТОТОКОЙ ОЙДУҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОҢУЗКУДУК — ОРТОТОКОЙ ОЙДУҢУ Тескей Алатоо м-н Кыргыз Алатоо тутумдашкан жерде. Кызыломпол, Оттук, Алабел, Чоломо, Тегерек, Каракоо тоолору курчап жатат. Кочкор ж-а Т оң р-нун аймагында. Уз. 40 км, туурасы 7 км. Деңиз деңг. бийикт. 1700–2000 м. Тегерегиндеги тоолордун капталдары жантайыңкы. Таманы антропогендин кум, шагыл, чопо ж. б. тектеринен турат. Климаты континенттик; кургак, июлдун орт. темп-расы 17°С, январдыкы—4...—8°С. Жылдык жаан-чачыны 150–200 мм. Ландшафтында таштак чөл, жарым чөл, кургак талаа алкактары басымдуу. Кышкы жайыт: айдоо аянттары да бар. Ортотокойдун таманын суу сактагыч ээлейт. Ойдуң аркылуу Бишкек — Торугарт авт. жолу өтөт.