География:СЕМЁНОВ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

СЕМЁНОВ ЧОКУСУ — Сарыжаз кырка тоосунун эң бийик жери. Кырка тоонун чыгыш бөлүгүндө, Кыргызстан м-н Казакстандын чек арасында жайгашкан. Бийикт. 5816 м. Силурдун аягында, девондун башталышында пайда болгон чөкмө ж-а аларды жиреп чыккан интрузия тоо тектеринен түзүлгөн. Кырка тоонун бул бөлүгүндө зор мөңгү жатат. Түн.-батышында Семёнов мөңгүсү жайгашкан. Чоку П. П. Семёнов Тянь-Шаньскийдин ысымынан аталган.