География:СУУККЫР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

СУУККЫР ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Өзгөн р-нун аймагында. Жазы ж-а Капчыгай сууларынын аралыгында дого сымал кеңдик багытта созулуп жатат. Уз. 26 км, туурасы 7–8 км. Орт. бийикт. 2800–3300 м, эң бийик жери 3600 м. Тоонун кыры тайпак, капталдары кыска, суу өрөөндөрүнө тик түшүп, коктуколоттуу. Негизинен карбон м-н пермдин кумдук, алевролит, сланец тектеринен түзүлгөн. Ландшафтына бийик чөптүү шалбаалуу талаа ж-а шалбаалуу токой (жаңгак, карагай; 2900–3000 м бийиктикке чейин), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3000–3600 м) мүнөздүү. Жайыт. Токойчулук чарбалары бар.