География:КАРАКЫР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Терек ж-а Алайкуу сууларынын (Тардын оң куймалары) аралыгында кеңдик багытта 36 кмге созулуп жатат. Туурасы 12 км. Орт. бийикт. 3900– 4100 м, эң бийик жери 4634 м (Кашкасуу чокусу). Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлүү, капталдары тик, капчыгай, кокту-колоттору көп. Тоонун чыгыш бийик бөлүгү юра мезгилинин конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит, жапызыраак батышы бордун кызыл түстүү кумдук, алевролит, чопо ж-а акиташ тектеринен турат. Субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (2900–3100 мге чейин) ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары басымдуу. Жайыт.