НИКЕЛИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИКЕЛИН, кызыл түстүү никель колчеданы­минерал, никелдин арсениди, химиялык курамы NiAs. Кошунду, киринди түрдө Co, Fe, Sb кездешет. Металл сыяктанып жылты­райт. Ачык, жездей кызгылт түстө. Гексатональ системасында кристаллданат. Катуулугу 5. Ни­кель, кобальт арсениддери, нукура висмут тү­рүндө кварц-карбонаттуу гидротерм кенташ та­рамдарында күмүш менен бирге кездешет. Кенде­ри Кемеров обл-нда, Тувада, Германияда, АКШ­да, Канадада белгилүү.