НИИГАТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИИГАТА - Япониядагы порт шаар. Япон деңи­зинин жээгинде, Хонсю а-нын борбордук бөлүгүндө, Синано д-нын чатында жайгашкан. Ниигата префектурасынын администрациялык борбору. Калкы 812,1 миң (2010). Түстүү металлургия, машина куруу, нефть-химиялык, текстиль, жыгаччылык, кагаз жана цемент ө. ж. ишканалары иштейт. ЖЭС, университет бар. Оранжерея уюштурулуп, гүл өстүрүү өнүккөн. Россиянын Находка ш. менен деңиз ар­кылуу тынымсыз байланышып турат.