НИЗАМИ ГЯНЖАВИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИЗАМИ ГЯНЖАВИ Абу Мухаммед Ильяс ибн Юсуф (1141-ж. чен, Азербейжан, Гянжа ш. - 1209-ж. чен, ошол эле жер) — цзербайжан акы­ны жана ойчулу. Фарсы тилинде жазган. Лирик катары жашынан эле элге таанылган. Лирика­лык жыйнагынын 6 касыйдасы, 116 казалы, 2 кытасы, 30 рубаиси бар бөлүмү бизге жеткен. Негизги чыгармасы - «Хамсе» («Беш китеп»), Буга «Сыркенчи» (1173-80), «Хосров-Ширин»

(1181), «Лайли-Мажнун» (1188), «Жетикөзөл» (1197), «Искендер-наме» (1203-ж. чен) эпикалык беш дастан кирет. Кезегинде «Беш ки­теп» чыгыш адабиятына күчтүү таасир тийгизген; инди-фар­сы акыны Амир Хосров Дех­леви, А. Навои, А. Жами Н. Г-нин жолун жолдоп бе­шилтик дастандар жарат-

кан. «Сыр кенчи» - дидактикалык-философиялык дас­тан. Ал чыгыш адабиятындагы дидактика жан­рынын өнүгүш багытын айкындаган. Акын бу дастанда бийлик башындагыларды адилет, ка­рамагындагы калкка камкор ата болууга чакыр­ган. Дастан диний маанайда жазылып, гума­нистчил муратты көздөйт. «Хосров-Ширин» - романтикалуу дастан. Мында Хосров шахтын Ширин сулууга деген тунук арзуусу баяндалат. Чыгармада баш каарман иретинде шах эмес, Ширин сулуу көрсөтүлүп, анын образы аял заты азиз касиеттер ээси катары сүрөттөлөт. «Лай­ли-Мажнун» дастанынын сюжети эски араб ула­мышынан алынган. «Жети көзөл» Бахрам Гур шах жөнүндөгү баянга негизделген. Анда Бахрам Гурдун жеңил ойлуу шахзададан бара-бара акылдуу, нары олуттуу, чынчыл, зордук менен зу­лумдукка каршы күрөшкөн падышага айланы­шы көрсөтүлгөн. Соңку «Искендер-наме» даста­ны анын чыгармачылыгындагы туташ өнүккөн со­циалдык утопиянын жеткен чегин айгинелеген. Анын чыгармачылыгы Чыгыш менен Батыштын мада­ний кенчине баалуу салым кошту. 1947-ж. СССРде Н. Г-нин 800 жылдыгы белгиленип, сөөгү коюлган Кировабад (учурда Гянжа) ш-нда акындын мавзолей үйү ачылган. Н. Г-нин ай­рым чыгармалары кыргыз тилине которулган. НИЗАМИЕВАбдурашидГумарович[16. 1. 1967- жылы туулган, Ош (азыркы Баткен обл., Лейлек р-ну, Сумбула кыш.] - география илимдеринин доктору (2005). Экономика илимдеринин кандидаты (1999), доцент (2002). Эмгек жолун 1984-жылдан Ноо­кат р-нунда № 44 жылкы заводунда жумушчу бо­луп иштөөдөн баштаган. Ал 1993-ж. ОшМУну бүтүргөндөн ошод университетте улук лаборант, окутуу­чу, доцент, кафедра башчысы, декан (2002-09), ОшТУда окутуучу, улук окутуучу, кафедра баш­чысы (1996-2001) болуп эмгектенген. 2009- 11-ж. Ош ш-дык мэриясынын эл аралык бай­ланыштарды өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча комитетин жетектеген. 2011-жылдан Ош­МУда декан. 2008-ж. Анадолу университетинде (Түркия) билимин жогорулаткан. Аны ЮОдөн ашык илимий эмгеги (анын ичинде 2 монография, 6 окуу китеби) бар; негизинен Кыргызстандын туризм тармагынын гео­графиясын жана экономикасын изилдөөгө арнал­ган. КРдин билим берүүсүнүн отлйчниги. Ардак грамота жана дипломдор менен сыйланган.

Эмг.: Рекреационный комплекс Кыргызстана: реа­лии и перспективы. Б., 1998; Туризм Кыргызстана: Социально-экономические аспекты. Ош, 2005; Марке­тинг туризма: Основы теории и практики. Ош, 2006; Туризм негиздери. Окуу куралы. Ош, 2010.