НИДЕРЛАНД ИСКУССТВОСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИДЕРЛАНД ИСКУССТВОСУ — о. кылымда Нидерландда пайда болгон көркөм мектеп. 16- к-дагы Нидерланд буржуазиялык рев-сынан кийин Н. и. голланд жана фламанд искусствосу болуп бөлүнгөн. 11-13-к-даформасынын шарттуулугу, мазмунун

символдуулугу менен мүнөздөлгөн роман стили (Льеждеги Сен-Бартелеми чиркөөсү, Турнеде 1100-ж. курула баштаган собор, Генттеги (Бель­гия) граф Фландрийскийлердин сепили ж. б.) кеңири тараган. 13-15-к-да сепилдердин, базар аянттарынын айланасына шаарлар, мунаралар, ратушалар, таш көпүрөлөр курула баштап, Маас жана Шельда өрөөндөрүндөгү храмдар роман жана готика стилдерин айкалыштырган татаал архитектураны түзгөн. 16-к-дан готика скульптура­сы, монумент живописи (Ж. Мануэль, А. Бель­шоз, М. Брудерлам) өнүгүп, Италия искусствосуна таасирленүү жана дүйнөнү көркөм өздөштүрүү ар­кылуу Н. и. Түндүк Европадагы Кайра жаралуу доорунун искусствосунун өнүгүшүнө өбөлгө болгон.