НЕФТЬ ПРОДУКТУСУН АРОМАТТАШТЫРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕФТЬ ПРОДУКТУСУН АРОМАТТАШТЫ­РУУ - нефть продуктуларында ароматтуу кө­мүрдүү суутектерди арттыруу. Ароматташтыруу нефть менен анын фракцияларын иштетүүдө кре­кинг, риформинг, гидроген, деструкциялык пи­ролиз жолдору менен жүргүзүлөт. Нефть-химия ө. ж-нда нефтинин бензин-лигроин фракциясын катализатор менен риформингдөөдө ароматташат. Н. п. а. мотор отундарын жана ароматтуу көмурдүү суутектерди өндүрүүдө колдонулат. Нефть-химия ө. ж-нда пластмассалар, жуугуч заттар, боёк­тор, жарылуучу заттар алынат.