НЕФТЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕФТЬ (түркчө пей, фарсыча нефт) - жер кыр­тышындагы чөкмө тектердин катмарларында кездешүүчү, коңурсуган жагымсыз жыты бар, май сыяктанган күйүүчү суюктук. Эл чарбасы үчүн өтө маанилүү кен байлык болуп эсептелет. 1,2-2 тслгден

ашык терендикте, газ абалындагы углеводороддор менен бирге пайда болот. Жер бе­тине жакын коюу массага, балкыган асфальт­ка айланат. Негизинен ар түрдүү углеводород­дордон (алкан, циклоалкан, арен жана алардын гибриддеринен), көмүртек менен суутектен, аз санда гетероатомдордон жана кычкылтек, күкүрт, азот кездешкен бирикмелерден турат. Курамында газ, суу, минералдык туздар кездешет. Өңү түссүз, ачык күрөң, кара күрөң, кара түстө болот. Ты­гыздыгы 0,15-0,70 г/см3ден 0,98-1,05 г/см3ге чейин өзгөрөт. Өтө чоң тереңдиктен орун алган Н. кени газ абалындагы углеводород менен ар кан­дай даражада каныгат. Н-нин курамында 82,5- 87% көмүртек, 11,5-14,5% суутек, 0,05-0,35% кычкылтек, 0,001-5,3% күкүрт, 0,001-1,8% азот кездешет. Кайноо температурасы 28°Сден жогору. Органикалык эриткичтерде эрип, сууда эрибейт. Бирок туруктуу эмульсия пайда кылат. Отун-энерге­тика, химиялык ө. ж-нын негизги сырьёсу болуп са­налат. Н-ни кайра иштетип, ажыратуудан бен­зин, керосин, солярка ж. б. күйүүчү майлар жана мазут алынат. Ошондой эле жасалма жана синтездик каучук, була, спирт, кислота ж. б. өндүрүлөт. Пай­да болушу жөнүндө көп сандаган ой-пикирлер бар. Байыркы доорлордо жашаган окумуштуулар (Агрикола ж. б.) Н-ни органикалык эмес заттардан пай­да болот деп эсептешкен. Кийин ар кандай ой­пикирлер келип чыккан. 1763-ж. орус окумуш­туусу М. В. Ломоносов органикалык заттардан пайда бо­лорун айткан. 1777-ж. Д. И. Менделеев карбид­дердин таасиринен келип чыгат деген. 20-к-да орус окумуштуулары (Н. И. Андрусов, В. И. Вер­надский, И. М. Губкин, Н. Д. Зелинский ж. б.) чөкмө тектердеги сапропелдүү заттардан пайда болорун далилдөөгө аракеттенишкен. Кийин дүйнө жүзүндөгү илимпоздордун жигердүү изил­дөөлөрү биогендик жол менен пайда болорун тас­тыктады. Буга Н-нин курамынан хемофоссилия­лардын табылышы себеп болгон. Н-нин пайда болушу узак убакытка созулуучу өтө татаал про­цесс. Мында планктондор эң негизги Н. пайда кылуучу зат болуп эсептелет. Алар суулуу чөй­рөдө биозатка айланып, чөкмө тектердин ара­сына сапропель тибинде сиңип, топтоло берет. Бара-бара углеводородго айланат. Н. жер кыр­тышында төмөнкүдөй 3 түрлүү жерлерде топто­лот: 1)гранулдар арасында (кумдук, алевролит), 2) б о шту кта р д а (үңкүрлөрдө, рифтүү акиташ тегинде), 3)жаракаларда (карбонаттар менен кремнийлүү тектердеги жара­каларда). Чөкмө тектердин арасында Н. гидрав­ликалык кысымга ээ болот. Асты-үстүнөн суюк­тук өткөрбөөчү тектер же суу орун алат. Көпчү­лүк учурда антиклиналдык түзүлүштүн төбөсүн ээлейт. Кээде курамында газ көп топтолот. Ошол себептен нефть-газдуу деп аталат. Издөө, чал­гындоо иштери геол. геофизикалык, геохим., бургулоо жолдору менен жүргүзүлөт. Бургуланган көзөнөк аркылуу казылып алынат.

Кендин аталышы, табылган жылы

Өлкө, аймак, район, бассейн

Орт. тереңдиги

Геологиялык жашы

Литол. курамы

А в с т р а л и я

Кингфиш, 1967

2575

палеоген-неоген

кумдук

Халибут, 1967

2290

—"—

—"—

А з и я

Абкайк, 1940

Сауд Арабиясы

2030

бор

акиташ

Агаджари, 1938

Иран

1980

палеоген-неоген

—"—

Ампа, 1963

Бруней

2480

—"—

кумдук

Ахваз, 1958

Иран

2740

—"—

акиташ

Берри, 1964

Сауд Арабиясы

2270

юра

—"—

Бурган, 1988

Кувейт

1460

бор

кумдук

Гавар, 1948

Сауд Арабиясы

2040

юра

акиташ

Гечсаран, 1928

Иран

2130

палеоген-неоген

акиташ

Дури, 1941

Индонезия

300

—"—

кумдук

Духан, 1940

Катар

2200

юра

акиташ

Карамай, 1955

Кытай

200

триас

кумдук

Киркук, 1957

Ирак

1300

палеоген-неоген

акиташ

Ленин, 1956

Түштүк Каспий

2000

плиоцен

кум

Манифа, 1957

Сауд Арабиясы

2420

юра

акиташ

Марун, 1964

Иран

3350

палеоген-неоген

—"—

Минас, 1944

Индонезия

730

—"—

кумдук

Мурбан, 1960

Абу-Заби (БАЭ)

2600

юра

акиташ

Самотлор, 1965

Ватыш Сибирь

2000

бор

кумдук

Сассан, 1966

Иран

2100

юра

акиташ

Сафания, 1951

Сауд Арабиясы

1550

бор

—"—

Сериа, 1928

Бруней

1600

палеоген-неоген

кумдук

Өзен, 1961

Казакстан

800

юра

—"—

Фатех, 1966

Дубай (БАЭ)

2600

—"—

акиташ

Эр-Румайла, 1953

Ирак

3300

бор

—"—

А ф р и к а

Бому, 1968

Нигерия

2290

палеоген-неоген

кумдук

Джало, 1961

Ливия

1920

—"—

—"—

Зарзаитин, 1950

Алжир

1400

девон-карбон

—"—

Зельтон, 1959

Ливия

2320

бор

—"—

Кабинда, 1966

Ангола

2350

—"—

—"—

Мерен, 1965

Нигерия

2740

палеоген-неоген

—"—

Серир, 1961

Ливия

1740

бор

—"—

Хасси-Месауд, 1956

Алжир

3850

кембрий-ордовик

—"—

Эль-Морган, 1965

Египет

1950

палеоген-неоген

—"—

Е в р о п а

Арлан, 1955

Волга-Урал

1200

карбон

кумдук, акиташ

Балахин-Сабунчи, 1871

Азербайжан

1500

плиоцен

кумдук

Батыш Төбүк, 1959

Тиман-Печора

1900

девон

—"—

Брент, 1971

Улуу Британия

3200

палеоген

акиташ

Будафапуста, 1937

Венгрия

1600

миоцен

кумдук

Делни-Дыбник, 1962

Болгария

3400

триас

акиташ

Кыштна-Драгонян, 1883

Румыния

600

миоцен

кумдук

Нефтиташ, 1951

Азербайжан

1000

плиоцен

—"—

Ромашкин, 1948

Волга-Урал

1500

девон

—"—

Старогрозный, 1893

Кавказ

300–3000

плиоцен-акыркы бор

кумдук, акиташ

Туймаза, 1957

Волга-Урал

1480

девон-карбон

кумдук

Фотиз, 1970

Улуу Британия

2440

палеоген

—"—

Т ү н. А м е р и к а

Аренке, 1970

Мексика

3640

бор

акиташ

Грейдинг-Бей, 1963

АКШ, Аляска

3500

палеоген-неоген

кумдук

Ист-Техас, 1930

АКШ, Техас

1100

бор

—"—

Ледюк, 1947

Канада

930

девон

акиташ

Ленг-Бич, 1921

АКШ, Калифорния

1340

палеоген-неоген

кумдук

Наранхос-Серро, 1909

Мексика

440

бор

акиташ

Панхандл, 1910

АКШ, Техас

950

пермь

кумдук, доломит

Пембика, 1953

Канада

1940

бор

кумдук

Поса-Рика, 1930

Мексика

2160

—"—

акиташ

Прадхо-Бей, 1968

АКШ, Аляска

2640

триас

кумдук

Редуотер, 1948

Канада

975

девон

акиташ

Суан-Хилс, 1957

—"—

2660

—"—

—"—

Уилмингтон, 1932

АКШ, Калифорния

311

палеоген-неоген

кумдук

Хантингтон, 1920

АКШ, Калифорния

640

—"—

—"—

Шо-Вел-Там, 1955

АКШ, Оклахома

580

—"—

—"—

Эбано-Пануко, 1901

Мексика

492

бор

акиташ

Элк-Хилс, 1919

АКШ, Калифорния

700

палеоген-неоген

кумдук

Т ү ш. А м е р и к а

Агуа-Гранди, 1951

Бразилия

1500

девон

акиташ

Бачакеро, 1930

Венесуэла

1050

палеоген-неоген

кумдук

Тиа-Хуана, 1928

—"—

914

—"—

—"—

Кабимас, 1917

—"—

670

—"—

—"—

Лагунильяс, 1926

—"—

914

—"—

—"—

Лама, 1947

—"—

2535

—"—

—"—

Ламар, 1958

—"—

3960

—"—

—"—

Ла-Пас, 1921

—"—

2450

бор

акиташ

Мене-Гранде, 1914

—"—

1260

палеоген-неоген

кумдук

Орито, 1963

Колумбия

2000

бор

акиташ

Санта-Крус, 1944

Аргентина

1830

—"—

—"—

Чубут, 1907

—"—

1830

—"—

—"—

Ч. Иманалиев.

Ад.: Геология и геохимия нефти и газа/Под редакциялык Атап Айтканда Бакирова, 3. А. Табасаранского. М., 1982.

3. Бейшеев.