НЕРУДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕРУДА Пабло (чын аты-жөнү - Нефтали Ри­кардо Рейес Басуальто; 12. 7. 1904, Парраль - 23. 9. 1973, Сантьяго) - чили акы­ны, коомдук ишмер. Сантьяго университетинде окуган. Биринчи ыр китеби - «Мунарык (1923). 1934- 37-ж. Н. Испанияда дипломатиялык кызматта болгон, испан элинин антифаш. күрөшүнө катышкан. «Жүрөгүмдө Испания» (1937) аттуу ыр жыйна­гы менен ал испан элинин эркиндик үчүн күрө­шүнүн жарчысы катары таанылган. Подполье­де жүрүп 1948-ж. Латын Америкасынын тагды­ры жөнүндө «Жалпы элдик ыр» аттуу эпопея жаз­ган. Бул чыгарманын жаңычылдыгы - поэти­калык тилинин өзгөчөлүгү менен лирикалуулугун­да. СССРге бир нече ирет келип, көргөндөрүн «Жүзүм сабактары жана шамалдар» (1954) де­ген лирикалык күндөлүгүндө баяндаган. Н-нын поэтикалык дүйнөсүнүн кеңиши «Сүзүү жана кайтуу» (1959), «Сүйүүнүн жүз сонети» (1960), «Чилинин таштары» (1960), «Салт ырлары» (1961) жыйнактарында, «Кара аралдын мемо­риалы» поэмасында даана байкалган. Анын поэзиясына ассоциациялуулук, образдуулук, чыйрак ыргак мүнөздүү. Н-нын чыгармалары дүйнө элдеринин поэзиясына олуттуу таасир тий­гизген. Н-га Тынчтыктын эл аралык сыйл. (1950), «Элдер ортосунда тынчтыкты чыңдага­ны үчүн» эл аралык Лениндик (1953) сыйл. ый­гарылган. Нобель сыйл. лауреаты (1971).