НЕРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕРУ Жавахарлал (14. 11. 1889, Индия, Алла­хабад - 27. 5. 1964, Дели) - Индиянын саясий жана мамлекеттик ишмери. 1947-жылдан Индия Респ­нын премьер-министри жана тышкы иштер ми­нистри. Улуттук-боштондук үчүн күрөштө М. К. Ганди менен бирге Индия улуттук конгрессинин (ИУК) жетек­чилеринин бири. Харроуда­гы мектепти жана Кембриж (Улуу Британия) университетин бүт­көн. 1912-ж. ИУКка кирип, 1918-жылдан ИУКтун жал­пы

индиялык комитетинде же­текчи кызматта, 1929-30-, 1930-37-, 1940-, 1951-54-ж.

ИУКтун төрагасы болгон. Англ. колониячыларга каршы үгүт жүргүзгөндүгү үчүн камалып, түрмөдө олтурган. Н. «Жаңы Индияны куруучу» улут­тук жетекчи катары тарыхка кирген. 1938-жыл­дан Улуттук пландоо комитетин (ИУКтун органы) жетектеген. Ал келечектеги көз карандысыз Индиянын экономикасын куруу программасын, өлкөнүн ички-тышкы саясатынын негизги прин­циптерин («Неру багытын») иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга жетекчилик кылган. Н. өк­мөтү тышкы саясатында тынчтыкты, эл ара­лык кызматташтыкты жактап, согуш корку­нучуна, неоколониализм менен расизмге каршы чыккан.