НЕОСХОЛАСТИКА
НЕОСХОЛАСТИКА - католик философиясынын о. кылымдагы схоластикасынын каада-салттарын андан ары өнүктүрүүгө умтулган ар кандай агымдарын бириктирген түшүнүк. 19-к-дын башында пайда болуп, 19-к-дын аягында неотомизм Н-сынын башкы агымына айланган учурда өзгөчө өнүккөн. Н. неотомизм менен бирдикте платондук-августиндик багыттагы мектептерден, францискчил салттарга таянган окуулардан турган.