НЕОРОМАНТИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕОРОМАНТИЗМ - 19-20-к-дын аралыгында европалык көркөм маданията пайда болгон ар кандай агымдардын комплексинин шарттуу аталышы. Н-дин агымдары катары француз символизмин, постимпрессионизмди, катуураак айтканда - ошол мезгилдеги англ. 'адабияттагы агымды (Ж. Кон­рад, Р. Киплинг) аташат. Музыкада Н. деп адатта соңку романтизмди (Ф. Лист, Р. Вагнер), ошондой эле романтизмдин стилистикасына айланып кеткен 20-к-дын 70-80-жылдарындагы компо­зиторлордун чыгармачылыгын түшүнүшөт.