НЕОКОЛОНИАЛИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕОКОЛОНИАЛЙЗМ (нео... жана латынча со!бп1а - кыштак) - Азия, Африка, Латын Америкасын­дагы мурдагы колониялык абалдан бошонуп, өз алдынчалыкка жана көз карандысыздыкка же­тишкен, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге ка­рата мурунку метрополия саясатынын система­сы; өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдөн эски ко­лониялык системасынын ордуна келген, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн үстүнөн кыйыр көзө­мөлдөө формасы. Н. экономикалык, саясий, социалдык жана маданий өз ара аракеттердин тең укуктуу жана адилет эмес формалардын өнүгүшү менен өзгөчөлөнөт. Н-дин негизин - көпчүлүк учурда саясий жана согуштук басым көрсөтүүнү пайда­лануу жана ички реакциячыл күчтөргө таяныч жасоо менен коштолгон, инвестиция, кредиттер жана супсидиялар түрүндөгү экономикалык экспанция тү­зөт. Кредит алып, карыз болгон өлкөлөрдүн жылдык проценттердин төлөөсү эле кредит бер­ген өнүккөн өлкөлөрдүн пайда табуу булакта­рынын негизгилеринин бирине айланууда. Кре­дит берген өнүккөн өлкөлөр карызкор мамле­кеттерде ички туруктуулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн камсыз болушун карыздардын жыл­дык проценттерин төлөөнүн гарантиясы ката­ры эсептешет. СССР жоюлгандан кийин өз ал­дынчалыкка жана көз карандысыздыкка жетиш­кен, бирок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ка­тарына кирген мурунку союздук респ-лар да ар кандай деңгээлде Н. саясатына дуушар болуу-

да. Н-дин өнүгүүсүнүн бул жаңы баскычы ата­йын, терең жана ар тараптан изилденүүгө тийиш.