НЁМЦЕВ
НЁМЦЕВ Иван Спиридонович (24. 5. 1923, азыркы Чүй обл., Кемин р-ну, Кемин ш. - 13. 12. 1997, Бишкек) - Советтик Союз Баатыры (1943). Запастагы подполковник (1968-жылдан). Ригадагы аскер-саясий окуу жайын (1945), Атуу курсун (1961) бүткөн. 1942-жылдан Советтик армияда, Улуу Ата Мекендик согушта (1941-45) 548-пулемётчулар взводунун (Талаа фронту, 53-армия, 116-аткычтар дивизиясы) командири. 1943-ж. жайында Белгороддун жанындагы салгылашка катышкан. 1943-ж. 3-4-августта Нелхаев кыш-нын аймагында душман коргонуусун бузууда Н. душмандын ок атуучу жети точкасын жана бир взводго жакын жөө аскерин, «Аты жок» бийиктик үчүн салгылашта душмандын 25 солдатын жок кылып, жетөөнү туткунга алган жана өзү башынан жана колунан жараланган. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган. Кемин ш-нын бир көчөсүнө ысмы ыйгарылган.