НЕМЕРТИНДЕР
НЕМЕРТИНДЕР (Nemertini) - омурткасыз жаныбарлар тиби. Денеси курт сымал, уз. 0,5 лгледен 30 мге, туурасы 9 лглгге жетет. Баш жагында оозу, сезүү органдары жана тумшук тешиги болуп, андан узун, булчуңдуу тумшугун коргонуу жана кол салуу үчүн чыгарат. Денеси түктүү эпителий менен капталган. Анын астында көп катмарлуу күчтүү булчуңу бар. Дене көңдөйү паренхима менен толгон. Түз ичегиси арткы учунда ануска ачылат. Кан айлануусу жабык. Бөлүп чыгаруу органы жакшы өрчүгөн. Нерв системасы мээ түйүнүнөн жана узата кеткен нерв талчалардан турат. Айрым жыныстуу. Бир классы, 800дөй түрү бардык океан, деңиздердин көбүнчө түбүндө жашоочу жырткычтар, айрымдары моллюска, краб жана деңиз жылдыздарынын митеси жана симбионту. ЗОдай түрү тузсуз сууда, Юдон ашык түрү топуракта (жерде) жашайт.