НЕМАТОДОЗДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕМАТОДОЗДОР - өсүмдүк, мал жана адамдын мите нематодалар (жумуру курттар) пайда кы­луучу гельминтоздорунун (аскаридоз, амидосто­моз, диктиокаулёз, метастронгилёз, мюллериоз, оксиуроз, параскаридоз ж. б.) жалпы аты. Курт­тун уз. 1 жладен 1 лгге чейин, жип сымал же түрүлгөн формада, айрым жыныстуу, тамак си­ңирүү, бөлүп чыгаруу жана нерв системалары бар. Мите адамдын ткандарында жана органдарында (ичеги-карын, булчуң, дем алуу органдары, боор, бөйрөк ж. б.) мителейт. Н. геонематоздор жана бионематоздор болуп бөлүнөт. Геонематоздун козгогучу сырткы чөйрөдө (топурак, суу, буюм) көбөйөт, ал эми бионематоздун козгогучу ээсин алмаштыруу менен өрчүйт. Н. адамга суу, тамак­аш аркылуу жугат. Н. малдын чоңоюшун ке­чиктирет, продукттуулугун төмөндөтүп, өлүмгө дуушар кылат. Алдын алууда короо-жайды таза кармоо, баалуу тоют жана суу менен камсыз кы­луу, гельминтсиздендирүү иштерин өз убагында жүргүзүү, жайытты алмаштырып туруу ж. б. иштердин мааниси чоң. Дарылоодо гельминт­терге каршы дарылар колдонулат. Н. менен өсүм­дүктөр да жабыркайт. Илдетке чалдыккан өсүм­дүктүн үрөнү кечигип чыгат, өсүмдүктүн сабагы жооноюп, жалбырагы кичиреет. Өсүмдүк жак­шы бүрдөбөй, соолуйт жана түшүм бербейт, акы­ры куурап калат. Каршы күрөшүү үчүн өсүмдүк үрөнүн дарылоо, топуракка нематоцид чачуу керек.