НЕКТАР
НЕКТАР (грекче nektar — кудай ичимдиги) — гүлдүү өсүмдүктөрдүн нектарниктери (балдуу безчелери) бөлүп чыгарган таттуу шире. Н-дын курамы спирттердин бир аз аралашмасы бар канттын суу эритмеси, азоттуу жана ароматтуу заттар, кислоталар, ферменттерден турат. Ар кандай өсүмдүктөр гүлдөө мезгилинде түрдүү өлчөмдө Н. бөлүп чыгарат. Н. курт-кумурска жана куштарды өзүнө тартып, алар өсүмдүктөрдү кайчы-
лаш чаңдаштырат. Ал аары балынын негизги бөлүгүн түзөт жана чымын-чиркейлердин азыгы.