НЁЙИ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1919

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЁЙИ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1919) 1- дүйнөлүк согушта (1914-18), Болгария жана же­ңишке ээ болгон өлкөлөрдүн (АКШ, Улуу

Бри­тания, Франция, Италия, Япония, Грекия ж. б.) ортосунда 1919-ж. 27-ноябрда Парижге жакын жердеги Нёйи-сюр-Сенде түзүлгөн. Н. т. к. боюнча Болгария маанилүү аймактарынан ажырап, анын Цариброд, Босилеград жана Струмица ш. жана төрт район Серб, Хорват жана Словен корол­дугуна берилген. Бухарест тынчтык келиши­минде (1913) белгиленген Румыниянын чеги аныкталып, Түштүк Добружа Румынияга өтүп, 1940-ж. Болгарияга кайтарылган. Эгей деңизи­не чыгуучу Батыш Фракияны жеңген өлкөлөр ээлеп алып, 1920-ж. Грекияга берген. Болгария 2,25 миллиард алтын франк репарация төлөгөн. Бол­гария армиясынын саны чектелип, чарбасы жана финансы иштери Улуу Британия, Франция жана Италия мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн турган комиссиянын көзөмөлүнө өткөн. Н. т. к. 2-дүйнөлүк согуштан кийин күчүн жоготкон.