НЕГИЗГИ ФОНДДУ ПАЙДАЛАНУУ
НЕГИЗГИ ФОНДДУ ПАЙДАЛАНУУ эки жол менен жүргүзүлөт. Биринчиден машина менен жабдуулардын жыл же сезон ичинде иштеген күнүн жана сменасынын санын арбытууну туюнтуучу экстенсивдүү пайдалануу; экинчиден, смена ичинде жумуш убактысын көбөйтүп, негизги фондулардын кубаттуулугун толугу менен максималдуу аракетке келтирүүнү туюнтуучу интенсивдүү пайдалануу. Н. ф. п-дагы бул жолдордун толук аракетке келтирилиши кошумча капиталдык салым чыгымдабай эле өндүрүштүн көлөмүн өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.