НЕГИЗГИ КАРАЖАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕГИЗГИ КАРАЖАТ - негизги капитал (өн­дүрүш имараты, курулма, машина жана жабдуу­га жумшалган чыгым); анын наркы жаңы чы­гарылган продукцияга аз-аздан чегерилип, эс­киришине жараша капиталдын бир нече иреттүү айланышында ишкерге акчалай кайтарылат. Ал өзүнө узак мөөнөттүү материалдык баалуу­луктарды (жер ээлиги, кыймылсыз мүлк ж. б.), финансылык салымдарды (баалуу кагаздар ж. б.) жана материалдык эмес активдерди (патент, лицензия ж. б.) камтыйт. Н. комитетын толук айла­нышы өндүрүштүн бир канча мезгилинин ичин­де иш жүзүнө ашырылат, анткени ал өзүнүн иш­тей турган бардык мезгили үчүн авансаланат, ал эми анын наркы ишкерге белгилүү көлөмдө бөлүкчөлөнүп кайтарылып турат. ИТРдин өнүгүшүнүн натыйжасында Н. комитетын массалык түрдө жаңыртылышы жана кеңейиши байкалуу­да, к. Капитал.