НЕГИЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕГИЗ философияда - кайсы бир көрүнүштүн (натыйжанын) жашоосуна өбөлгө болушунун жана анын түшүндүрүлүшүнүн зарыл шарты, башкача айтканда башка бир көрүнүштүн жашоосуна себепкер болгон экинчи көрүнүш. Логикада Н-ди издөө жана табуу, андан натыйжа чыгаруу негиздөө деп аталат. Гегелдин көз карашы боюнча Н. - чечилген карама-каршылык. Нерсе­лердин чыныгы Н-и алардын маңызы аркылуу ачылат.