НЕБОЛЮБОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕБОЛЮБОВ Юрий Евгеньевич (25. 3. 1915, Томск - 2. 12. 1973, Фрунзе) - техника илимдеринин доктору (1960). Кыргыз ССР ИАнын академиги (1969; корр. мүчөсү, 1961). 1937-ж. Томск индус­трия институтун бүткөн. 1940-ж. Томск политех. институтунда проректор, 1948-60-ж. Томск электр-механикалык

институтунда кафед­ра башчысы, 1962-67-ж. Кыргыз ССР ИАнын Авто­матика институтунун директо­рунун орун басары, 1967- 69-ж. директору, 1973-ж. Кыргыз ССР ИАнын Баш­кы окумуштуу секретары. Электр жана магнит чондук­тарын өлчөөнүн жаңы методдорун түзүү, авто­матиканын техникалык каражаттарынын - синхрон­дуу компенсаторлордун иштешин жакшыртуу боюнча адис. Н. - 9 ойлоп табуунун автору.

Эмг.: Коммутация коллекторных машин пере­менного тока. Ф., 1965.